31-августта Бишкекте коомдук транспорт түнкү саат 2ге чейин каттайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Муниципалитет төмөнкү көчөлөр жабыларын эскертип, коомдук транспортту колдонууну сунуштайт:
— Чүй проспектиси, Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
— Фрунзе көчөсү, Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
— Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү, Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
— Ибраимов көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.
Мындан тышкары, Ч.Айтматов жана Манас проспектилери жана Байтик Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.