Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
31-августта Бишкекте коомдук транспорт түнкү саат 2ге чейин каттайт
30.08.2024 | 15:09
31-августта Бишкекте коомдук транспорт түнкү саат 2ге чейин каттайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Муниципалитет төмөнкү көчөлөр жабыларын эскертип, коомдук транспортту колдонууну сунуштайт:
– Чүй проспектиси, Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
– Фрунзе көчөсү, Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
– Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү, Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
– Ибраимов көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.
Мындан тышкары, Ч.Айтматов жана Манас проспектилери жана Байтик Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом