Чоң чүй каналына 5 жашар бала чөгүп кетти

Чоң чүй каналына 5 жашар бала чөгүп кетти

Бишкек шаарында 5 жашар бала сууга чөгүп кетти.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Патрис Лумумба көчөсүндө  Чоң чүй каналына 5 жашар бала чөгүп кеткен.

Аны издөөгө 5 куткаруучу тартылып, бирок издөө иштери натыйжа берген эмес.

Караңгы кирип кеткенине байланыштуу токтотулган издөө иштери бүгүн, 11-августта улантылат. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>