57 адам киши колдуу болуп, 75 зордукталды. Беш айдын статистикасы

57 адам киши колдуу болуп, 75 зордукталды. Беш айдын статистикасы

2024-жылдын  январь-майында 17,4 миң кылмыш иши катталды. Бул өткөн жылдын беш айына салыштымалуу 8,9 пайызга аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Башкы прокуратурага таянып маалымдады.

Оор кылмыштардын саны (2 миң) 1,2 пайызга кыскарды.

Беш айда 57 адам киши колдуу болуп, 73 зордукталып (30 пайызга азайды), 5 миң киши  тонолуп, 6,5 миңден ашык уруулук катталды.

Кызмат абалына кыянаттык кылгандарга каршы 341, 93 паракорчулук, 27 коррупция жана 18 бийликтен аша чабуу фактысы менен кылмыш иши козголду.

Беш айда мыйзам бузган 7 миң 777 адамдын 13,8 пайызы аялдар, 8,7 пайызы жашы жете электер.

Кылмышка көбүнчө ( 67 пайызы)  эч жерде окубаган жана иштебеген адамдар барат.

Мыйзам бузуулар эң көп Бишкекте болот (8,8 миң), кийинки орунда Чүй облусу — 2,4 миң, Ош (1,4 миң) жана Жалал-Абад (1,1 миң) облустары турат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>