Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
6-май: Коронавирус 320 адамдан аныкталып, 3 киши каза болду
06.05.2021 | 12:15
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 320 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 3596 кишиден ПЧР тест алынган.
Алар:
Бишкек шаарында – 246;
Ош шаарында – 8;
Чүй облусунда – 31;
Ош облусунда – 1;
Талас облусунда – 3;
Нарын облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 16;
Жалал-Абад облусунда – 11;
Баткен облусунда – 2.
Ошондой эле инфекция 6 медицина кызматкеринен табылган.
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 217 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 3 киши каза болду.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 97 миң 278 адамдан аныкталды. Анын ичинен 90 миң 611 бейтап айыгып, 1 миң 640 киши каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар