Алдамчылыкка шектүү кармалды. Милиция жабыр тарткандар болсо кайрылууну өтүнөт

Алдамчылыкка шектүү кармалды. Милиция жабыр тарткандар болсо кайрылууну өтүнөт

Кара-Көлдө алдамчылыкка шектелген жаран Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, өткөн жылдын ноябрь айында Кара-Көл шаарынын тургуну М.К. милицияга арыз менен кайрылып, “Мерседес-Бенц 814” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын 550 000 миң сомго Алтын деген киши сатып алып, алган учурда 100 000 миң сом накталай акча берип калган 450 000 миң сомун бир айдын ичинде, тактап айтканда 20-ноябрда толугу менен берерин убадалап, тил каттын негизинде алган бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.

Аталган факты 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Шектүү катары Сузак районунун 41 жаштагы тургуну А.Р. экени аныкталган. Шектүү 26-апрелде Бишкек шаарынын аймагынан качып жүргөн жеринен кармалып, Кара-Көл ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүүнүн мындан башка да кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Эгерде сүрөттөгү жаранды таанып, андан жабыркагандар болсо 03746 102, 0778 01 20 01, 0559 70 06 09 номерлери аркылуу Кара-Көл ШИИБне кайрылсаңыздар болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>