Кыргызстандык балбандар Олимп оюндарынын дүйнөлүк тандоо мелдешине катышууда

Кыргызстандык балбандар Олимп оюндарынын дүйнөлүк тандоо мелдешине катышууда

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар Токиодо өтүүчү жайкы Олимп оюндарынын дүйнөлүк тандоо турнирине катышууда.

Дүйнөлүк мелдеш Болгариянын София шаарында өтүп, анда жеңүүчүлөр Токиодо (Япония) өтүүчү Олимп оюндарына жолдомо утушат. Балбандар күрөштүн эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы түрү боюнча жалпы 36 жолдомо үчүн күч сынашат.

Бүгүн, 6-майда кармаштар эркин күрөш боюнча башталып, кыргызстандын атынан 5 спортчу катышат. Ал эми жолдомону финалга чыккан балбандар утат.

6-майдагы күрөш өткөрө турган кыргыз балбандарынын тизмеги:

58 салмакта Алмаз Сманбеков венгриялык Педро Хесус менен 1/8 баскычта килемге чыгат.

74 салмактын 1/16 финалында Арсалан Будажапов белорусиялык Магомед Хабиб менен кармаш өткөрөт.

86 салмакта Саякбай Усупов алгачкы кармашында молдовалык Пиотр Ианулов менен 1/16 финалда кез келет.

125 салмактын 1/16 финалында Аиал Лазарев менен индиялык Сумит Сумит күрөшөт.

Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча кыргыз балбандарынан Олимп оюндарына жалгыз жолдомону Эрназар Акматалиев Алматыда өткөн турнирде жеңип алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>