Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталуудаАзия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль уттуСадыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайт
7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыкты
23.02.2026 | 12:47

Кыргыз жана орус тилдеринде окутуу жүргүзүлгөн мектептердин 7-класстары үчүн «Табигый илимдер» предмети боюнча окуу китеби басылып чыкты.
Агартуу министрлигинин маалыматында, окуу китеби жалпы 144 965 нускада басылды. Анын ичинен:
- 86 600 нускасы — кыргыз тилинде окуткан мектептер үчүн;
- 58 365 нускасы — орус тилинде окуткан мектептер үчүн.
Бул окуу китептери өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү мекемелерине таратылат. Министрлик аталган окуу-методикалык комплекси мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык иштелип чыкканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим