Кыргызстандын 90 жараны үч күндөн бери Казакстандын ызгаардуу суугунда талаада олтурушат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, ишкерлер Хоргос базарына товар алып келгени барышкан.
«Келе жатып машиналары бузулуп, талаада калып калыптыр. 45 мүнөт мурда жазышты эч ким жардам бербептир. -35 градус суук дейт. Тамак-ашы дагы түгөптүр», — дейт депутат.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарга жардам берүү аракетин көрүп жатканын айтты. «Унаалары ремонттон өтсө эле Кыргызстанга карай жолго чыгышат», — деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз