Нарында 18 жаштагы жигит алдамчылык үчүн соттоло турган болду

Нарында 18 жаштагы жигит алдамчылык үчүн соттоло турган болду

Алдамчылыкка шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кочкор районунун 55 жаштагы М.А. аттуу тургуну «Инстаграм» аркылуу бир жаран менен жазышып, унаа сатып алмакчы болгон. Ал үчүн аталган адамдын банктык эсебине 60 миң сом которгон. Бирок акчаны алгандан кийин ал ар кандай шылтоолорду айтып, унааны алып келип бербей койгон. Ага байланыштуу 55 жаштагы тургун 13-октябрда Кочкор райондук милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Чүйдүн Васильевка айылынын 2005-жылы туулган А.Ш. аттуу тургуну кармалган.

Милициядан билдиришкендей, кылмышка шектелген жигит кылмышын мойнуна алган. Учурда кылмыш ишинин материалдары Кочкор райондук сотуна жиберилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>