Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Түн ичинде көчөлөдүн бир тарабындагы жарык өчөт (ВИДЕО)
29.09.2021 | 16:20
Көчөлөрдөгү рекламалык лампочкалар менен жолдун бир тарабындагы электр жарыктары түн ичинде күйгүзүүгө тыюу салынат. Бул туурасында Энергетика министрлигинин бөлүм башчысы Айбек Айдаралиев фейсбуктагы түз эфир учурунда билдирди.
Ал “электр энегриясын үнөмдөө үчүн ушундай кадамга барып жатабыз. Көчөлөрдөгү рекламалык жарыктандырууларга түнкүсүн чектөө киргизүүнү сурануудабыз. Күндүз деле жарнактарды көрүп жатышат да, анчалык жарыктандыруунун анча деле кажети жок болсо керек. Ал эми жолдун эки тарабындагы жарыктардын бир тарабын калтырып, бир жагын өчүрөбүз. Көчө жарыксыз калбайт” – деди.
Ошондой эле жалпы ишкерлерди түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика