Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты башталды

02.10.2021 | 10:40

Бүгүн Норвегиянын Осло шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты башталат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык,  мелдешке Кыргызстандын эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышат. Тагыраагы, эркин күрөштөн төрт, кыз-келиндер күрөшүнөн үч, грек-рим түрүнөн сегиз спортчу өлкө намысын талашмакчы.

Белгилей кетсек, биринчилерден болуп эркин күрөш боюнча мелдештер өтөт.

Команда төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:

Эркин күрөш:

1. Улукбек Жолдошбеков – 61 кг;

2. Алибек Осмонов – 65 кг;

3. Эрназар Акматалиев – 70 кг;

4. Арсалан Будажапов – 79 кг;

Кыз-келиндер күрөшү:

1. Айсулуу Тыныбекова – 62 кг;

2. Мээрим Жуманазарова – 68 кг;

3. Айпери Медет кызы – 76 кг;

Грек-рим күрөшү:

1. Сардарбек Конушбаев – 55 кг;

2. Жоламан Шаршенбеков – 60 кг;

3. Калы Сулайманов – 63 кг;

4. Марлен Асикеев – 67 кг;

5. Руслан Царёв – 72 кг;

6. Кайратбек Түгөлбаев – 77 кг;

7. Калидин Асыкеев – 82 кг;

Scroll to Top