Быйыл калк үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт

Быйыл калк үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт

2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык. тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

«Кабыл алынган Орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, калк үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт жана кВт/саатына 0,77 жана 2,16 сом деңгээлинде калат. Айына 700 кВт⋅саатка чейин керектөө менен тариф кВт⋅саатына – 0,77 сомду, айына 700 кВт⋅сааттан жогору болсо, тариф кВт⋅саатына 2,16 сомду түзөт.

Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын керектөө нормасы жокко чыгарылды, башкача айтканда кВт/саатына 0,77 сом тарифи чектөөсүз иштейт.

Социалдык балдар мекемелери, электр транспорту, диний уюмдар үчүн өзүнчө тарифтер 1 кВтс үчүн 168 тыйын деңгээлинде (салыктарды эске албаганда) белгиленет. Мында социалдык балдар мекемелери жана электр транспорту үчүн жогорулоо 10 тыйын же 6,3%ды түзөт, ал эми диний уюмдар үчүн тариф 56 тыйынга төмөндөтүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.

Жогорулатуу төмөнкү категорияларга гана тийиштүү:

— насостук станциялар, алар үчүн тариф кВт⋅сааты/1,09 сомду түзүп, 31,6 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда);

— бюджеттик, өнөр-жай, айыл чарба жана башка керектөөчүлөр үчүн, алар үчүн тариф кВт⋅саатына 2,52 сомду түзүп, 28 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда);

—  жогорулатуучу коэффициенттер колдонулчу коммерциялык түзүмдөрдүн энергия сыйымдуу керектөөчүлөрү (майнинг субъектилери, алтын өндүрүүчү компаниялар, куюу цехтери, алкоголдук өндүрүш, цемент заводдору).

Кийинки жылдары тарифтердин өзгөрүүсү инфляциянын деңгээлин эске алуу менен ишке ашырылат. Быйыл калк үчүн жылытуу жана ысык сууга болгон тарифтер өзгөрүүсүз калат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>