Бишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышат
COVID-19: Жаңы 72 учур катталды, каза болгондор жок
02.10.2021 | 10:07
Кыргызстанда 2-октябрга карата коронавирус дагы 72 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 34, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 80 адам илдеттен сакайып чыгып, каза болгондор катталган жок.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 441 бейтап, амбулатордук түрдө 764 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 680 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 385 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом