Кыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосуТокторбаев “Ош-Сити” компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштады Камчыбек Ташиев үч эмдин энесине жаңы батир бердиКой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот
Чычкан суусуна жеңил унаа түшүп кетип, бир аял каза болду
03.10.2021 | 14:25
Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында “Honda Odyssey” унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, Чычкан суусуна түшүп кетип, бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1 аял киши (аты жөнү такталууда) каза болгон. Ошондой эле 44 жаштагы Б.А. аттуу аял киши жабыркаган. Жабыркаган жана каза болгон жарандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
Кырсык болгон жерге аталган райондогу ӨКМдин беш куткаруучусу тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом