Чүй облусунда форель жана осетр балыктарын кайра иштетүүчү завод ачылдыМСК салык төлөөчүлөрдү ЭСФ 2.0 пилоттук долбооруна кошулууга чакырдыСадыр Жапаров Ереванда COP17 саммитинин ачылышына катышты16-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтБишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен барат
Чычкан суусуна жеңил унаа түшүп кетип, бир аял каза болду
03.10.2021 | 14:25
Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында “Honda Odyssey” унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, Чычкан суусуна түшүп кетип, бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1 аял киши (аты жөнү такталууда) каза болгон. Ошондой эле 44 жаштагы Б.А. аттуу аял киши жабыркаган. Жабыркаган жана каза болгон жарандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
Кырсык болгон жерге аталган райондогу ӨКМдин беш куткаруучусу тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом