Жапаров: Кымбатчылык Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө болууда

Жапаров: Кымбатчылык Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө болууда

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кымбатчылык Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө болуп жатканын, буга бир жарым жылдан бери жүрүп жаткан коронавирус пандемиясы негизги себеп экенин билдирди.

«Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшөт. Казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу, бир чекте кармап туралы деп күнү-түнү алпурушуп жатабыз»,- дейт мамлекет башчысы.

Ошондой эле президент Жапаров ковид илдети менен күрөшүү тынымсыз улантылып жатканын, мамлекеттик казынадан акча бөлүнүп, вакцина сатып алынганын да белгиледи.

«Айрым өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшиктер ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле.

Ушунчалык кыйынчылыктарга карабастан, пенсия-пособие, эмгек акыларды көтөрүп жатабыз. Куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүп жатабыз. Жолдор жасалып жатат.
Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек»,- деп кошумчалаган ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>