Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Инисинин паспорту менен агасы чек арадан өтүүгө аракет жасады
04.10.2021 | 13:22
«Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү постунан башка бирөөнүн паспорту менен Казакстанга кирүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлашты.
Маалыматка караганда, 36 жаштагы кыргызстандык 26 жаштагы жарандын паспортун көрсөткөн. Чек арачы сырткы көрүнүшүнөн улам документтеги сүрөттүн ортосундагы дал келбестикти байкаган. Кармалган жаран бир тууганынын паспортун мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн колдонгону аныкталган, анткени ага Орусияга кирүүгө тыюу салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом