Кыргызстанда буллинг жана кибербуллинг үчүн айып пул салуу жана эркинен ажыратуу сунушталууда — чоо-жайыБишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылдыАдылбек Касымалиев Минск шаарына жумуш сапары менен барат«Былтыркы сүрөт»: КУУда дене тарбия сабагы өтүлүүчү жайлар тууралуу билдирүүлөргө жооп беришти30-сентябрь: өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйтШакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт
Өзбекстан: Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү күнү белгиленди
04.10.2021 | 13:57
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого добуш бере тургандар 14-20-октябрь күндөрү өз добушун берсе болот. Мындай чечимди Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, мөөнөтүнөн мурда добуштарын берүү үчүн жарандар өзү жашаган жердеги шайлоо тилкелерине арыз менен кайрылыш керек. Ошондой эле жашаган жеринен шайлоого катыша албай тургандар да ушул жол менен шайлоого катышса болот.
Өзбекстанда 24-октябрда президенттик шайлоо өтөт. Ага Максуд Ворисов, Алишер Кадыров, Нарзулло Обломуродов, Бахром Абдухалимов, Шавкат Мирзиёев ат салышууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар