Эми дыйкандар чалуу аркылуу кеңеш ала алышат. Айыл чарба министрлигинин байланыш борбору ишке кирдиКыргызстанда фермерлердин жеңилдетилген насыя алуусу үчүн электрондук кезек ишке киргизилдиЧыңгыз Айдарбеков ЖК депутатынын мандатынан баш тартты — ал кимге өтөтЖК төрагасы тажик спортчуларын Кыргызстанда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырдыӨкмөт мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу тартибин бекиттиМарлен Маматалиев Казакстан Мажилисинин төрагасына Астанадагы көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын берүүнү сунуштады
Осло-2021: Айпери Медет кызы атаандашын бир мүнөткө жетпей утту – видео
05.10.2021 | 16:16
Кыргызстандык Айпери Медет кызы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алгачкы беттешинде Мария Оряшкованы бир мүнөткө жетпей утуп, чейрек финалга өттү.
76 килограмм салмак чен бирдигинде күч сынашкан атлеттердин 1/8 финалдык баскычындагы беттеши 10:0 эсебинде Медет кызынын таза техникалык артыкчылык менен аяктады. Айпери эми кийинки бөлүктө орусиялык Марина Суровцева менен күрөшөт.
Дүйнө чемпиондугу ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт