Дары-дармектерди экспортоого кайрадан тыюу салынышы мүмкүн

Дары-дармектерди экспортоого кайрадан тыюу салынышы мүмкүн

Министрлер кабинети дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды алты айга экспорттоого кайрадан тыюу салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер бул долбоордун максаты — калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, өлкөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаалды болтурбоо үчүн дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыздоонун кескин тартыштыгынын алдын алуу экенин белгилешет.

Бирок ишкерлер коргоочу костюмдарды жана медициналык халаттарды экспорттой алышат, анткени өндүрүш өлкөнүн керектөөлөрүн канааттандыра алат.

Энергетика министрлиги ошондой эле бул тизмеден азитромицин, ампициллин, ацетилсалицил кислотасы, кларитромицин, парацетамол сыяктуу дарыларды алып салууну сунуштоодо. Бирок, Саламаттык сактоо министрлиги ата мекендик өндүрүшчүлөр бул дарылар менен өлкөнүн бардык муктаждыктарын жаба албай турганын айтып келишет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>