Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Ырчы Анжелика кайсы партия менен шайлоого барат?
06.10.2021 | 17:27
Ырчы Анжелика Кайратова парламенттик шайлоого “Эл үмүтү” партиясы менен катышканы жатат. Бул туурасында Reporter.kg′ге өздүк булактар билдирди.
Буга чейин “Ата Мекен” партиясы менен шайлоого барат деген маалымат тараган.
Анжеликанын саясий кадамы былтыр башталган. “Биздин Эл” партиясы менен Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына аттанып, жеңип чыгышкан. Бирок, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан. Экинчи шайлоого аталган партия барган эмес.
Ырчы Кыргызстандагы COVID-19 илдетинде киргизилген карантинде кайрымдуулук иштерин жасап, элдин оозуна алынган. Ага чейин ырчы катары таанылып келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат