Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылды
ӨКМ: Ашуудан өтө албаган чабандар куткарылды
08.10.2021 | 12:55
Тоң районунда кар калың жаагандыгына байланыштуу ашуудан өтө албай чабандар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-октябрда саат 17:15 чамасында Тоң ашуусундагы катуу жааган каардан 4 чабан 500 жылкы жана 400 дөй топозу менен өтө албай калып, Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан.
“Чабандарды куткаруу максатында 5 куткаруучу, Ак-Сай айылынан 5 адам жана айыл аймактын 3 кызматкери тартылган. Алар чабандардын ашуудан түшүүсүнө жардам көрсөтүшүп, туруктуу ордуна аман-эсен кайтып келишкен”,- деп айтылат маалыматта.