Ош–Баткен–Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү ачылдыШашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөтКыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосуТокторбаев “Ош-Сити” компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштады Камчыбек Ташиев үч эмдин энесине жаңы батир бердиКой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылууда
Үйлөнүү тоюнан соң келиндин курбусун ала качып кетти
21.10.2021 | 15:34
Кызды ала качып кеткен топ кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, 17-октябрь күнү Ысык-Ата районунун Киргшелк айылынын 18 жаштагы тургуну дос кызынын үйлөнүү тоюна Токмок шаарына барган. Ал тойдо бир жигит менен таанышып калат. Ал эми бала ала качып үйлөнүүнү көздөйт. Кыз анын арам оюн такыр билген эмес.
19-октябрь күнү кызды унаага салып ала качып кеткен. Кыз дароо милицияга кайрылган. Милиция бул фактыны кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.
Укук коргоо органы 4 баланы кармаган. 23 жаштагы С.А., 30 жаштагы Т.М., 22 жаштагы Т.К., жана 22 жаштагы С.М. кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайга камалган.
Кыз ата-энесине өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом