1 млн. 500 миң сом сыйлык! Эң мыкты айыл өкмөттөр аныкталды   

1 млн. 500 миң сом сыйлык! Эң мыкты айыл өкмөттөр аныкталды   

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи топтун арасынан:

— I орун 1 млн.  500  миң сом  Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө;

— II орун 1 млн.  сом Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө;

— III орун 500 миң  сом Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө;

Экинчи топтун арасынан:

— I орун 1 млн. 500 миң сом Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;

— II орун 1млн сом Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнө;

— III орун 500 миң сом Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>