«Мындай окуя 50 жылда бир болот»: Роза Зергерли Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи тууралуу«Аккую» АЭСи жана туризм: Бишкекте Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өттүДаярдыктан «памперстерге» чейин: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине ат шоусу кандайча даярдалган?Дастан Бекешев мектептер, мугалимдер жана бүтүрүүчүлөр үчүн эрежелерди өзгөртүүнү сунуштадыСадыр Жапаров Бишкектеги «ШКУ+» саммитинин жыйынтыгын чыгардыКыргызстан жана Түркия кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөшүүдө — лидерлердин жолугушуусу
Үйлөнүү тоюнан соң келиндин курбусун ала качып кетти
21.10.2021 | 15:34
Кызды ала качып кеткен топ кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, 17-октябрь күнү Ысык-Ата районунун Киргшелк айылынын 18 жаштагы тургуну дос кызынын үйлөнүү тоюна Токмок шаарына барган. Ал тойдо бир жигит менен таанышып калат. Ал эми бала ала качып үйлөнүүнү көздөйт. Кыз анын арам оюн такыр билген эмес.
19-октябрь күнү кызды унаага салып ала качып кеткен. Кыз дароо милицияга кайрылган. Милиция бул фактыны кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.
Укук коргоо органы 4 баланы кармаган. 23 жаштагы С.А., 30 жаштагы Т.М., 22 жаштагы Т.К., жана 22 жаштагы С.М. кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайга камалган.
Кыз ата-энесине өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом