Кыргызстанда көмүрдүн баасы былтыркыдан 20% га кымбаттады
Республика боюнча 28-октябрга карата көмүрдүн орточо керектөө баасы тоннасына 5 миң 306,7 сомду түзүп, өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу 19,7%га өскөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат шаарында – тоннасына 9 миң 794,9 сом, Баткенде – 9 миң 524,4 сом жана Исфана шаарында – 8 миң 642,9 сом. Мында минималдуу чекене баалар Чаек айылында тоннасына 3 миң сом, Балыкчы жана Нарында 4 миң жана 4,2 миң сом болгон.
“Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу көмүрдүн баасынын эң олуттуу өсүшү Кербен шаарында – тоннасына 4 миң 76,4 сомго же эки эседен ашык, Баткенде – 2,8 миң сомго же 43,5%га, Жалал-Абадда – 1,9 миң сомго белгиленди же 39,4%ды түздү», – деп билдирет статистика комитети.