Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
8-автобустагы кырсык: Жабыркагандар 15ге жетти
29.10.2021 | 15:36
Бишкектеги 8-автобус кабылган жол кырсыктын кесепетинен 15 адам бейтапканаларга жеткирилди. Бул туурасында Бишкек шаардык тез жардам кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктан жабыр тарткандарды 7 тез жардам бригадасы алгачкы медициналык жардамын көрсөтүп бейтапканаларга жеткирген. 11 чоң киши жана төрт өспүрүм жабыркаган. Чоңдору Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда, өспүрүмдөр шаардык клиникалык балдар бейтапканасына жаткырылган. Каза болгондор жана оор жаракат алгандар жок. Кээ бирлеринин мээси чайкалган, денелери көгөргөн.
Бүгүн, 29-октябрда саат 12 лер чамасында Ч.Айтматов көчөсүндө 8-автобус теректи барып сүзгөн.
Бишкек: Эл ташып бара жаткан автобус кырсыкка кабылды (ВИДЕО)
Рубрики: Жаңылыктар, Коом