Мамипотека Бишкектен 25 млн. сомго турак-жай сатып алат
Мамлекеттик ипотекалык компания 25 миллион сомго батир сатып алуу үчүн тендерди мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыялады.
Маалыматка караганда, турак-жай жашоого даяр жана ичин өзү оңдоп алууга ылайыктуу болушу шарт. Ошондой эле 2010-жылдан кийин курулган үйлөр болушу кажет. Мейманкана түрүндөгүлөр болбойт. Тендер эки этап менен өткөрүлөт.
1) Түштүк магистраль, Жаш гвардия бульвары, Жибек Жолу жана 7-Апрель көчөсүндөгү аймактарда жайгашкан турак жайлар керек. Батирдин баасы – 1 чарчы метри 60 миң сомдон ашпашы зарыл.
2) Бишкектин айланасындагы батирлер алынат. Алардын баасы 1 чарчы метри 50 миң сомдон ашпашы керек.
“Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрынан бери иштей баштады. “Жеңилдетилген ипотека” 4% менен мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине жана “Жеткиликтүү ипотека” 8% менен башка категориядагы бардык жарандарга берилет.