Чүйдө адам уурдап бара жаткандар кармалды

Чүйдө адам уурдап бара жаткандар кармалды

Чүйдө кыз ала качып бара жаткан балдар «Сосновка» постунан кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында инспекторлор Лексус үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Анда кыз балдар аны күч колдонуу менен ала качып бара жатканын айткан.

Күч органдарына 18 жаштагы кызды Талас облусуна уурдап бара жаткан деген маалымат түшкөн.

Учурда бул иш Жайыл райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>