Орусия: Полиция кыргызстандыкты мыкаачылык менен сабады — видео

Орусия: Полиция кыргызстандыкты мыкаачылык менен сабады — видео

Социалдык тармактарда жаш жигитти полиция кармап, мыкаачылык менен ур-токмокко алган видео тарап жатат. Жигит алгач полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, бетке муштум менен бир нече сокку урат. Видеону Alligator Fight Championship турниринин негиздөөчүсү Ринат Усупбаев жарыялаган.

«Мен биздин тышкы иштер министрибизге кайрылат элем! Жараныбызды коргогонго чара көргүлө, каршылык көрсөтпөсө дагы эмнеге сабап жатышат?! Бул ачык эле шылдыңдоо! Орусия элчилигине нааразылык нотасын жөнөтүүнү талап кылабыз!”, — деп жазган ал.

Ал арада Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуянын чоо-жайын тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан социалдык тармактарда такталбаган маалыматтарды жана комментарийлерди таркатпоону суранат.

Ошол эле учурда бул иш боюнча кошумча маалымат берилерин белгилейбиз», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>