Кыргызстандагы мектептерде БУУнун 80 жылдыгына арналган сабактар өтүүдөБишкекте BMW бурулуп жаткан минивэн менен кагышты. Скутер кайдан пайда болду?Токтогулда заманбап мал соючу жай курулуудаБШК: Парламенттик шайлоого талапкерлигин койгондордун саны 458ге жеттиНурзат Нуртаева жаштар арасында дүйнө чемпиону болду24-октябрдын аба ырайы: Өлкөдө күн ачык жана булуттуу болот
Нарында 13 жаштагы өз кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды
03.11.2021 | 13:25
Жумгал районунда 54 жаштагы жаран 13 жаштагы кызын зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, С.Т. кызын көптөн бери зордуктап жүргөн. Окуя кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
«Тергөө учурунда шектүү 2010-жылы аялын өлтүрүп, соттолгондугу белгилүү болду. 2018-жылы жаза мөөнөтүн өтөп, абактан бошотулган. Шектүү сурак маалында кызы менен 2021-жылдын июль айында жыныстык катнашта болгондугун, ушул убакка чейин да аракет кылганын билдирген. Кыздын айтымында, атасы аны эки жыл бою зордуктап келген», – деп маалымдады Нарын милициясы.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.