Орусия, АКШ жана Украинанын сүйлөшүүлөрү 10–11-ноябрда Абу-Дабиде өтөт — УиткоффЧүйдө салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалыштыКыргызстан менен БАЭ айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты талкуулаштыДастан Бекешев күч түзүмдөрүнө карата даттанууларды текшере турган көз карандысыз орган түзүүгө чакырдыӨзгөндө жолду сапатсыз салган ишканага 200 миң сом айып пул салындыДепутаттар төлгө ачкандарга жана диплому жок психологиялык кызмат көрсөткөндөргө айып салууну сунушташты
Нарында 13 жаштагы өз кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды
03.11.2021 | 13:25
Жумгал районунда 54 жаштагы жаран 13 жаштагы кызын зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, С.Т. кызын көптөн бери зордуктап жүргөн. Окуя кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
«Тергөө учурунда шектүү 2010-жылы аялын өлтүрүп, соттолгондугу белгилүү болду. 2018-жылы жаза мөөнөтүн өтөп, абактан бошотулган. Шектүү сурак маалында кызы менен 2021-жылдын июль айында жыныстык катнашта болгондугун, ушул убакка чейин да аракет кылганын билдирген. Кыздын айтымында, атасы аны эки жыл бою зордуктап келген», – деп маалымдады Нарын милициясы.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.