Кабулдагы жардыруудан 19 киши өлдү

Кабулдагы жардыруудан 19 киши өлдү

Кабулдун борборундагы аскердик госпиталда болгон кош жардыруудан кеминде 19 киши өлүп, 50дөн ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу AFP агенттиги «Талибандын» Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнө шилтеме кылып кабарлады.

Азырынча бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Талибдер кол салууга «Ислам мамлекетинин» IS-K деп аталган туунду уюмун айыптоодо.

Tolo News телеканалынын маалыматына караганда, алгачкы жардыруу госпиталдын кире беришинде, экинчиси имаратка жакын жерде болгон. Андан соң кол салгандар менен «Талибан» жоочуларынын ортосунда атышуу башталган.

Быйыл августта «Талибан» Кабулдагы бийликти басып алгандан бери «Ислам мамлекети-Хорасан» радикал уюму мечиттерде, башка жайларда бир нече жардырууларды уюштурган. Алардын эң ириси август айында Кабул аэропортундагы эл аралык эвакуация учурунда жасалган. Анда жанкечти-террорчу топтолгон адамдардын арасында жардыруу уюштуруп, жыйынтыгында дээрлик 200 киши каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>