15-апрелге карата аба ырайыБишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулат
Эртең Бишкекте кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун ачылышы болот
04.11.2021 | 16:45
Бишкекте 5-ноябрда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун катышуусунда кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун ачылышы болот. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.
Фонд кредиттерди берүү, капиталга катышуу жана өлкөдө катталган жана иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттер менен мамилелерде башка финансылык инструменттерди колдонуу аркылуу Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорду каржылайт деп болжолдонууда.
Анын уставдык капиталы 16 миллион долларды түзөт. Венгриялык тарап өз каражаттарынын эсебинен уставдык капиталын 50 миллион долларга жеткирүүнү көздөп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика