Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Салык кызматы менен бизнес-акыйкатчы бирге кызматташат
04.11.2021 | 17:36
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов менен ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Макулдашуунун максаты – салык органдарынын ишинин мыйзамдуулугун жана ачыктыгын камсыз кылууга, алардын ишкердик субъекттери жана бизнес-акыйкатчы менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга көмөк көрсөтүү. Тараптар буга чейин кызматташуунун түрдүү аспектилерин жана келечегин талкуулашкан.
Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов бизнес-акыйкатчыны жаңы Салык кодексинин долбооруна сунуш киргизүүгө чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат