Ош: Араванда “Азаттыктын” баннерин тыткандарды милиция издеп жатат

12.11.2021 | 13:17

Ош облусунун Араван районунда  “Азаттык” саясий партиясынын баннерин тытып кетишкен. Учурда бул окуя териштирилип жатканын жергиликтүү милиция кабарлады.

Маалыматы боюнча, 10-ноябрда саат 08:22 чамасында Араван районунун борборунда «Азаттык» партиясынын плакаты жыртылып калганын милициянын участкалык тескөөчүсү, милициянын майору Ж.А. телефон аркылуу Араван райондук милицияга кабарлаган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп, тергөө тапшырмалары берилип, плакат кандай жагдайда жыртылганын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top