Ататүрк сейил багында мыйзамсыз курулуп жаткан объект буздурулдуБишкектеги мектептердин биринде мугалим менен окуучунун ортосунда мушташ чыктыЖогорку Кеңеш альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдү жогорулаткан мыйзам долбоорду жактырдыУКМК теракттарды даярдаган жана жардыруучу түзүлүштөрдү чогулткан өспүрүмдөрдүн кармалганын билдирдиДепутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды«Кыргызфармация» БУУ механизмдери аркылуу дары-дармектерди сатып алууда 410 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат
Айсулуу Тыныбекова Америкада чеберчилик сабак өткөрдү (ВИДЕО)
15.11.2021 | 13:03
Айсулуу Тыныбекова АКШда күрөш боюнча чеберчилик сабак өткөрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Кечээ АКШда Wrestle like a girl уюму менен бирге жаш спортчуларга алгачкы мастер-класс өткөрдүм. Ачыгын айтканда, аябай толкундандым, бирок бул жактагы кыздар мени жылуу кабыл алды. Өз потенциалдарын көрсөтүп, жогорку жетишкендиктерге жетүүсүн каалайм” — деп жазды.
Айсулуу Тыныбекова Токио олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси. Ослодо өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Ушул тапта АКШда машыгып жүрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт