«Кустурация»: Эркин Салымбеков 100 млн. сом төктү

«Кустурация»: Эркин Салымбеков 100 млн. сом төктү

Кылмышка шектүү “С.Э.” келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 100 миллион сом салган, келтирилген зыяндын толук көлөмү текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигинин ведомствосунун башчысынын орун басарларынын жана өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин деңгээлиндеги кызмат адамдары жеке менчик ишканалардын биринин ээси “С.Э.” менен бирдикте кармалып, сот жообуна тартылышкан.

Айыл чарба министрлигинин айрым кызмат адамдары жеке бизнес өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктарды экспорттоого уруксат кагаздарын каттоо үчүн экспорттоочулардан мажбурлоо жолу менен акча чогултуп, мыйзамсыз киреше алуу боюнча туруктуу канал уюштурушкан.

Эркин Салымбеков «Дордой Дыйкан» базарынын жетекчиси.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>