Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан эки адам каза болду

15.10.2019 | 10:30

Бишкек-Ош автожолунун 155-чакырымында “Хонда-Степ” жана “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү унаалар кагышып, эки киши набыт болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, каза болгондордон сырткары дагы 5 адам ар кандай жаракат алган.

Кырсык  болгон жерге ӨКМдин 6  куткаруучусу тартылып,  каза болгондордун сөөгүн милиция кызматкерлерине, жабыркагандарды “Тез жардам” аркылуу Жайыл райондук ооруканасына жиберишкен.

Учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда.

Буга чейин жыл башынан бери жол кырсыгынан 526 киши каза болдгонун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов парламент жыйынында айткан. 

Scroll to Top