Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирдиКыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилдиКыргызстан авиациялык эрежелерди ИКАОнун ченемдерине шайкеш келтирүүдө
Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Бакиевдин жакыны Сапарбеков кармалды
28.11.2021 | 14:01
26-ноябрь күнү милиция Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбековду кармады. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Медет Садыркуловду муунтуп өлтүрдү деп айыпталган кикбоксинг боюнча чемпион жана Максим Бакиевдин жакын санаалашы Санжар Сапарбеков кармалды.
Ал жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
27-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту шектүү Санжар Сапарбековго карата 2022-жылдын 26-январына чейин эки айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоо чечимин кабыл алган.
Буга чейин ошол эле Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган болчу.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом