Садыр Жапаров Түркмөнстанда. Гурбангулы Бердымухамедов аны кантип тосуп алды? — сүрөт

Садыр Жапаров Түркмөнстанда. Гурбангулы Бердымухамедов аны кантип тосуп алды? — сүрөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-ноябрда иш сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына барды.

Мамлекет башчынын коллегиясы Ахшабад эл аралык аэропортуна конду, анда Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Жумушчу сапарынын алкагында Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышат. Кошумчалай кетсек, буга чейин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуу болгон.

Мамлекет башчылары кыргыз-түркмөн эки тараптуу мамилелеринин учурдагы багыттарын, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Ашхабадда өтүүчү ЭКУнун юбилейлик саммитине катышууга анын чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал уюм маанилүү аймактык түзүм экенин баса белгилеп, түркмөн тараптын ЭКУга мүчө мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даярдыгын билдирди.
Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын лидерине жылуу кабыл алгандыгы жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, бул биргелешкен кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтты.

Садыр Жапаров белгилегендей, кыргыз тарап Түркмөнстан менен соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет.
Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркмөнстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>