Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Бек Борбиев дагы шайлоо таза өткөн жок экенин билдирди
29.11.2021 | 15:09
Шайлоого “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан талапкер катары катышкан ырчы Бек Борбиев Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо таза өткөн жок деп билдирди.
«Таза шайлоо болгон жок (мен ушундай болот деп ойлогом). Административдик ресурс керектүү жерде иштечү», – деп жазган ал социалдык тармактарда.
Ал Жогорку Кеңешке өтө турган партиядан талапкерлердин тизмесинде болгону менен депутаттык мандат алуу үчүн жетиштүү добуш ала албаганын мойнуна алды.
Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы бир катар партияларды канааттандырган жок. Добуштарды кол менен саноо жүрүп жатат.
Учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында жаңы шайлоо өткөрүү талабы менен митинг өтүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат