Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 1-декабрдан тарта COVID-19 менен ооруган бейтаптар бөлүмү жабылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Коронавирустук инфекция менен ооругандардын санынын азайышына байланыштуу жабылууда.
Коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооруган бейтаптар ПЦР анализине карабастан Бишкектин ооруканаларына жөнөтүлөт, аларда коронавирус инфекциясы бар бейтаптарды дарылоо үчүн керебеттер берилет.