«Ата Мекен» бийликке талаптарын аткарууга эки күн убакыт берди

«Ата Мекен» бийликке талаптарын аткарууга эки күн убакыт берди

29-ноябрда Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон партиялар митингге чыгышты.

«Ата Мекен» партиясынан талапкер Али Токтакунов журналисттерге бул шайлоону тааныбай турганын, БШКнын бардык мүчөлөрүн кызматтан кетирүүнү жана аларды жоопкерчиликке тартууну талап кылаарын билдирди.

«Биз ошондой эле министрлер кабинетинин отставкасын талап кылабыз, бул одоно мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну талап кылабыз. Ушул максаттар үчүн эки күн берип жатабыз, бул эки күндүн ичинде бийлик кайра шайлоону жарыялап, таза, ачык шайлоо өткөрүшү керек. Шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон бардык партиялар «Ата Мекендин» штабына келгиле. Эгерде бийлик биздин талаптарыбызды аткарбаса, биз мыйзамдуу жол менен гана күрөштү улантабыз», — деди ал.

Добуштарды кол менен эсептөө. ЖКга өткөн партиялардын жаңы тизмеси

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>