Айсулуу Тыныбекова уул төрөгөнүн жарыяладыИранда өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу кеңеш түзүлдүАйпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
Милиция: Текебаевге кол салгандарды издеп жатабыз
01.12.2021 | 19:17
Өмүрбек Текебаевге кол салгандарды издеп жатканын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Өмүрбек Текебаевге кол салуу фактысы боюнча зарыл болгон бардык ыкчам-тергөө иш-чараларды милиция жүргүзүүдө.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ички иштер органдары тарабынан бул факты боюнча бардык жагдайлар текшерилип, шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана аларды кармоо максатында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыштын бетин изин суутпай ачуу үчүн масштабдуу ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.
Кылмыштын бетин ачуу министр Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүнө алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат