Текебаевге кол салуу. Садыр Жапаров ИИМге дыкат иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

Текебаевге кол салуу. Садыр Жапаров ИИМге дыкат иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча маалымат президент Садыр Жапаровго жеткирилди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Мамлекет башчысы өлкөнүн Ички иштер министрлигине бул факты боюнча бардык жагдайларды иликтеп чыгууну, Өмүрбек Текебаевге карата орун алган аракеттерди жасаган адамдарды аныктоо максатында тыкыр ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле, болгон окуяда аны айрым күчтөр өз максаттарына колдонууга аракет кылып жатканын жокко чыгарууга болбойт.

Белгилей кетсек, ар бир жаран макамына жана ээлеген абалына карабастан укук коргоо органдарынан өз укуктарын жана эркиндигин коргоону талап кылууга акысы бар.
ИИМ өз кезегинде коомдогу жана мамлекеттеги тартип менен мыйзамдуулукту коргоо боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө милдеттүү», — деп билдирди президенттин басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Бүгүн Бишкектин чок ортосунда Өмүрбек Текебаевге бир топ кишилер кол салышты. Саясатчы олуттуу жаракат алган эмес, көз айнеги сынып, телефонун тартып алышкан. Ал буга чейин кол салууну саясий террор деп эсептей турганын билдирген.

Өмүрбек Текебаев ага кол салгандар боюнча үн катты — видео

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>