«Сбой» окуясы: Акматбек Келдибеков УКМКга чакырылды

«Сбой» окуясы: Акматбек Келдибеков УКМКга чакырылды

Ахматбек Келдибеков видео баяндамалар боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга чакырылды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын туура эмес көрсөтүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүүдө.

1-декабрда социалдык тармактарда  Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер А.Келдибековдун добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган.
Буга байланыштуу А.Келдибеков видеотасмада айтылган жүйөлөрү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМК суракка чакырылды.

28-ноябрда парламенттик шайлоо өткөн. Анда БШКнын добуштардын жыйынтыктарын көрсөтө турган сайты бир топко токтоп калган. Буга байланыштуу өтпөй калган партиялар нааразылык көрсөтө баштаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>