Айсулуу Тыныбекова уул төрөгөнүн жарыяладыИранда өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу кеңеш түзүлдүАйпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
Текебаевге кол салгандардын бири кармалды
02.12.2021 | 07:50
Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23 жаштагы Э.Ы. аттуу жаран кармалган. Ал Текебаевдин тартып алган буюм-тайымдарын кошо өткөрүп берген.
Учурда ал Бишкек милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду.
Кол салгандардын башкаларын издөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат