Жарлык: Депутаттар кызматтык үйү менен унаасынан кол жуушту

Жарлык: Депутаттар кызматтык үйү менен унаасынан кол жуушту

Президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынды, атап айтканда, парламентарийлердин кызматтык унаалары менен турак-жайлары берилбейт.

Маалыматка караганда,  Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө саясаты бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болгон нормативтик мүнөзгө ээ болду. Жарлыкта республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу каралган. Маселен, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Бул Жарлык менен компенсациялар жана кызматтык унаалар алынып салынды, ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарына бөлүштүрүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>